Кыргызстан санариптик трансформацияны тездетүү багытында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) менен кызматташууну күчөтүүдө.
Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов менен ЕӨБ Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян жолугушуп, үч маанилүү долбоорду талкуулашты.
Алар:
• IT шаарчасын куруу – технологиялык компаниялар жана адистер үчүн заманбап инфраструктура;
• Дата борборлорду түзүү – маалыматты ишенимдүү жана коопсуз сактоочу баштапкы жана резервдик борборлор;
• Траст сервисин ишке киргизүү – жеке жана юридикалык жактар үчүн коопсуз санариптик кызматтарды көрсөтүү.
Азамат Жамангулов белгилегендей, санариптик технологиялар өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт жана бул багытта ЕӨБнин Санариптик демилгелер фондунун колдоосу өтө маанилүү.
Өз кезегинде Тигран Саркисян фонд ЕӨБ мүчө-өлкөлөрүндө колдонулган ийгиликтүү тажрыйбаларга таянып, Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Эскерте кетсек, ЕӨБ Санариптик Демилгелер Фонду 2020-жылы түзүлүп, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана мамлекеттердин санариптик өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат.