Кечээ, 15-майда, Бишкек шаарында Кыргыз-Герман илим күнүнө арналган форум өттү. Анын алкагында эки өлкөнүн ортосунда илим жаатындагы кызматташууну бекемдөө боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Форум Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү максатында уюштурулган.
Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил жана Германиянын Илим, технологиялар жана космос боюнча федералдык министрлигинин өкүлү Флориан Франк катышкан.
Иш-чарада бир катар баяндамалар жасалып, илимди өнүктүрүү жана каржылоо маселелери талкууланган. Тараптар биргелешкен долбоорлор, академиялык алмашуулар жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашкан.
Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда илимий-техникалык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган.