Алматыда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө сезилгенин казакстандык сейсмологдор билдирди.
«Казакстандын сейсмикалык станциялар тармагы 26-майда Алматы убактысы боюнча саат 21.50дө жер титирөөнү каттады. Жер титирөөнүн очогу Алматы шаарынан 71 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан. Алматыда 2-3 баллга жеткен», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн очогу Көлсай көлдөрүнүн аймагында жайгашкан.