Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Кытай бир катар документке кол койду

Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, бир катар документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Жапаров Кытайда мамлекеттик сапар менен журөт.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүсү/декларациясы;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Бир алкак, бир жол” Демилгесинин курулушун жана 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасын байланыштырып, биргелешип алдыга жылдыруу боюнча кызматташуу программасы;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кытай Эл Республикасынын жардам көрсөтүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун маалыматтык системасын түзүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча кат алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын лабораториясына жардам көрсөтүү долбоорун ишке ашыруу боюнча кат алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасынын жардам көрсөтүүсүнүн алкагында Ош шаардык ооруканасына жана Президенттик ооруканага медициналык жабдууларды жеткирүү долбоору боюнча кат алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде Стратегиялык диалог механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы эки өлкөнүн топтук туристтик сапарларын жеңилдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы экономикалык өнүгүү жана реформалар жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүгүү жана кызматташуу боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы кыргыз-кытай чек арасында көзөмөл-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жаатында өнүгүүнү жана кызматташууну илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана инвестициялар жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө биргелешкен билдирүү;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Мамлекеттик маалыматтар башкармалыгынын ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу минералдар чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына төө буурчакты экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жуулган жүнгө жана кашемирге карата инспекциялык, карантиндик жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу канаттуулардын этине карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Илим жана технологиялар министрлигинин ортосундагы илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Турак-жай, шаар жана айыл курулуш министрлигинин ортосундагы турак-жай жана шаар куруу жаатында кызматташууну чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Кытай Коомдук илимдер академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— УТРК менен China Media Group компаниясынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын Эл өкмөтүнүн ортосундагы достук мамилелерди түзүү жана практикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандум.

Exit mobile version