Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Кытай медициналык билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо

Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы Кытайда өткп жаткан «Медициналык инновациялар жана кызматташтык – 2025» форумуна катышты.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, форумдун биринчи бөлүгү Гуансинин Фанчэнган шаарында өтүп, анда Азия жана башка аймактардан келген адистер медициналык инновациялар, саламаттык сактоо системаларын санариптештирүү жана камсыздандыруу маселелерин талкуулашты.

Форумдан кийин кыргыз делегациясы Наньнин шаарындагы Гуанси Кытай медицина университетинде Кыргызстандын И.К. Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясы менен аталган университет ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумдун нускалары менен расмий алмашты.

Анын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары Манас Токтомуратов бул демилге медицина жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.

“Бул документ Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү гуманитардык жана кесиптик өнөктөштүгүнүн дагы бир белгиси катары кабыл алынууда”,-деп айтылат билдирүүдө.

 

Exit mobile version