Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Монголия кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Макулдашуулар кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отурумунун жүрүшүндө жетишилди.

Делегацияларды Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан жетектеп барышты.

Тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөн жолугушууда тараптар соода жүгүртүүнү арттыруу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, туризмди өнүктүрүү жана илимий байланыштарды тереңдетүү жолдорун талкуулашты.

Exit mobile version