Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Нидерланд табигый кырсыктар тууралуу алдын-ала эскерткен Delft-FEWS системасын киргизүүнү талкуулашты

Бишкекте Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Нидерланд Королдугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Делегацияны Нидерланддын Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс жетектеп келди. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар суу ресурстары жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, анын ичинде билим алмашуу, инновациялык чечимдерди киргизүү жана жеке секторду тартуу маселелерин талкуулашкан.

Маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири катары, Нидерланддардын Deltares илимий борбору тарабынан иштелип чыккан Delft-FEWS эрте эскертүү системасын Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырып киргизүү мүмкүнчүлүгүн каралды. Бул система учурда Казакстанда колдонулуп, жер көчкү, сел жана суу ташкын сыяктуу табигый кырсыктарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

Ошондой эле тараптар билим жана тажрыйба алмашуу боюнча программаларды кеңейтүүнү талкуулашты. 2025-2026-жылдарга пландар, анын ичинде Нидерланддын илимий жана техникалык институттары менен мүмкүн болгон өнөктөштүк сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары, Нидерланд компанияларынын суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана бул чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Кыргызстандын суу долбоорлоруна катышуу перспективалары каралды.

Exit mobile version