Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары эпидемиологиялык абалды талкуулашты

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары эпидемиологиялык абалды талкуулашты

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар кыргызстандык жакка берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>