Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен Орусиянын Адам укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ортосунда 2025-2026-жылдарга карата кызматташтык жөнүндө кошумча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Документте мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча биргелешкен окууларды өткөрүү жана мигранттар арасында биргелешкен маалыматтык-агартуу ишин жүргүзүү каралган. Ошондой эле Кыргызстандын жана Орусиянын билим берүү мекемелеринде жаштар менен жолугушууларды өткөрүүсү пландалган.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн укук коргоо институтунун кызматкерлери мониторинг жана инспекция жүргүзүү, жарандардын кайрылууларын кароо боюнча тажрыйба алмашат.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева биргелешкен ишмердүүлүк эки өлкөдө тең адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоону өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшөрүн баса белгилеген.
«Заманбап чакырыктар жана дүйнөдөгү акыркы өзгөрүүлөр учурунда ачык жана конструктивдүү диалогду колдоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү өзгөчө маанилүү», — деп билдирген ал.
Ал эми Орусиянын омбудсмени Татьяна Москалькова адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоодо укук коргоочу институттун ролун белгилеп өткөн.
“Менин кесиптешим Жамиля Жаманбаева менен тыгыз кызматташтыкка өзгөчө баа берип өткүм келет. Бул алаканын натыйжасында эки өлкөнүн жарандарынын маселелерин түз, кыска убакытта чечип келе жатабыз. Биздин башкы максат – жолун таап ар бир адамдын укугун коргоо”, — деген ал.