Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен «Росатом» компаниясы энергетиканы өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту

20-январда ЭКСПО-2020 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Росатом» компаниясы энергетиканы өнүктүрүү тармагындагы кеңири чөйрөдө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КРнын Энергетика министрлиги менен Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын ортосундагы кызматташуу жолдорун алдын ала талкуулоонун темаларынын бири аз кубаттуу атомдук электр станциясын биргелешип куруу мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу изилдөө маселеси болду.

Белгилей кетсек, азыркы этапта кыргыз тарап РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында орусиялык ядролук окумуштуулардын келечектүү өнүгүүсүн изилдөөгө гана кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстандын аймагында атомдук электр станциясын куруу чечими мыйзамда талап кылынган көп тараптуу экспертизанын бардык процесстерин, биринчи кезекте экологиялык коопсуздукту, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну жана бекитүүнү камтыган кыйла узак процесстен кийин гана кабыл алынат. Бул жалпы элдик талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында макулдашуунун бардык этаптарынан өтүү.

Меморандум ошондой эле КРнын Энергетика министрлигинин системасынын илимий-техникалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу менен биргелешкен иштерди өнүктүрүү боюнча кызматташууну карайт.

Exit mobile version