Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Сауд Арабия билим берүү тармагында кызматташат

Кыргызстан менен Сауд Арабия билим берүү тармагында кызматташуусун өнүктүрөт. Бул тууралуу элчи Улукбек Марипов билдирди.

Элчинин айтымында, ал Падыша Сауд университетинин ректору, доктор Бадран Аль-Омар менен жолугуп, билим берүү, академиялык жана илимий-изилдөө тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүштү.

«Падыша Сауд университети менен Кыргызстандын кызыктар болгон жогорку жайларынын ортосунда кызматташтык боюнча меморандумдарды түзүү жана аталган окуу жайга биздин студенттерди окутуу сунушун киргиздим. Доктор Бадран Аль-Омар биздин өлкөнүн кызыкдар болгон студенттери менен академиялык чөйрөсү Падыша Сауд университетинин ар кандай магистратура жана докторантура, андан сырткары биргелешкен илимий жана академиялык изилдөө программаларын колдоно ала тургандыгын билдирди», — деди Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси.

Ал белгилегендей, жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдардын долбооруна кол коюуга даярдык иштерин баштоо макулдашылды.

Маалымат үчүн: Сауд падыша университети 1957-жылы Падыша жарлыгы менен негизделген, олуттуу өздүк бюджети бар Сауд Арабиясындагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири. Университетте техника, лингвистика, медицина жана башка илимдердин ар кыл багыттары боюнча 60 миңдей саудиялык жана чет өлкөлүк студенттер билим алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version