Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Сауд Арабиясы ар тараптуу кызматташууну каалайт

Кечээ, 20-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Сауд Араб Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи жана ишкерлердин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы энергетика тармагы, туризм тармагы, соода-логистикалык борборлорду куруу, тамак-аш продукциясын, эт продукциясын Сауд Арабияга экспорттоо сыяктуу бир катар перспективдүү багыттарды талкуулап, бул тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүгүн карашкан.

Маалыматка ылайык, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык 2024-жылга карата 2,83 млн долларды түзгөн.

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев делегациянын иш сапары кыргыз ишкерлери менен жакындан таанышууга, биргелешкен инвестициялык кызматташуунун келечегин аныктоого жана жыйынтыгында пайдалуу келишимдерге жетишүүгө жакшы өбөлгө болорун билдирген.

“Делегацияңыздын курамына көрүнүктүү, алдыңкы ишканалардын жетекчилери кириптир. Сиз жетектеп келген Сауд Аравиясынын ишкерлер делегациясынын сапары кыргыз-сауд мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет деп ишенем. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкта кыргыз-сауд Ишкерлер Кеңешинин ролу дагы абдан маанилүү”, – деген ал.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жөнүндө токтолуп, соңку үч жылда өлкө экономикасы 9% деңгээлинде ишенимдүү өсүп жатканын билдирген. Ал эл аралык “Стандарт энд Пуурс” рейтинг агенттиги жакында эле Кыргызстанга туруктуу прогноз менен В+ кредиттик рейтингин ыйгарганын, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалганын айтып, бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун ырастап турарын айткан.

Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы ар тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгө берерин билдирген.

Exit mobile version