Кыргызстан менен Словакиянын билим берүү министрликтери кызматташуу меморандумуна кол коюшту

11.09.2026 | 12:15
Кыргызстан менен Словакиянын билим берүү министрликтери кызматташуу меморандумуна кол коюшту — Новости Кыргызстана

Братислава шаарында Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Словакиянын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Документке КРдин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен Словакиянын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер кол койгон. Жолугушууга Кыргызстандын Австриядагы элчиси Нуржан Шайлдабекова катышкан.

Жолугушууда тараптар билим берүү тармагына жасалма интеллектти киргизүү, STEM-билим берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле техникалык жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин карашкан. Учурда Словакияда Кыргызстандын 4 миңге жакын жараны эмгектенери белгиленип, өнөр жай тармагы үчүн кесиптик-техникалык кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси талкууланган.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандагы мектептик билим берүүнүн 12 жылдык моделине өтүү реформасы тууралуу сүйлөшүүлөр болуп өткөн. Догдуркүл Кендирбаева билим берүү процессин санариптештирүү, билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү электрондук тутумун киргизүү, мектепке чейинки билим берүү жана педагогдордун эмгек акысын жогорулатуу багытындагы чаралар тууралуу маалымат берген.

Scroll to Top