Кыргызстан менен Түркиянын товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Кыргызстан менен Түркиянын товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Ушу тапта Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара товар жүгүртүү көлөмү 430 млн долларды түзөт. Мындай маалымат бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында кыргыз-түрк соода-экономикалык байланышын чыңдоого багытталган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, Түркия эгемен Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет болуп саналат. Учурда эки тараптуу өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүү аракети жасалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>