Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды

Кечээ, 15-январында саат 15:19да Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>