Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасынын 94 пайызын макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 94 пайызын макулдашты. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Министрлер кабинетинен ырасташты.

Алардын билдирүүсүндө, август айында калган 6 пайыз талаш аймак боюнча жолугушуу өтөт.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2023-жылдын декабрь айында чек араны тактоо иштерин 2024-жылга чейин бүтүрүү планы ишке ашпай калганын айтып, «эми жазында бүтөт окшойт», — деп кошумчалаган.

2024-жылдын февраль айында Эмомали Рахмон өкмөттөр аралык жумушчу топ 4 айда 196 чакырым боюнча макулдашууга жетишкенин белгилеп, чек аранын жалпы 90 пайызы аныкталып бүткөнүн айткан.

Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Reporter.kg’ге акыркы жолугушууларда Лейлек районуна караштуу аймактар боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Exit mobile version