Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Тажикстан өз ара сооданы көбөйтүү жана биргелешкен ишканаларды түзүүнү көздөйт

Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Завкизода Завки Амин жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн катышуусунда индустриялык жана логистикалык зоналарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан Тажикстан менен экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Эки өлкөнүн ортосунда өз ара товар жүгүртүүнү 500 миллион АКШ долларына чейин жеткирүү максатын баса белгиледи.

Министр ошондой эле соода, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы кызматташтыкты илгерилетүүдө Өкмөттөр аралык кеңештин маанилүү ролун белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берүү боюнча бекем ниеттерин ырастады.

Exit mobile version