Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугуп чек арадагы абалды талкуулады

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары жолугуп чек арадагы абалды талкуулады

Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.

Тараптар эки республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти.

Белгилей кетсек, 28-апрелде «Головной» суу сактагычында чыр чыккан. 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Учурда эки тараптын аскер кызматкерлери атышууда. Кыргыз тараптан жаракат алгандардын саны 20га жакындап, бир адам каза болду. Ал эми тажик тараптан 31 киши жаракат алып, 3 адам өлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>