Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10-декабрь күнү саат 05:23тө жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга  чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version