Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 10-декабрь күнү саат 05:23тө жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.