Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын ишкерлер кеңеши түзүлөт

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн.

Документке Кыргызстандын атынан СӨПтүн вице-президенти Авазбек Керимбаев кол койду.

Ишкерлер кеңеши эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү, экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана соода-инвестиция жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү максатын көздөйт.

 

Exit mobile version