Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелерин конструктивдүү маанайда талкуулап, 2023-жылга карата эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын белгилешти.

Exit mobile version