Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери чек ара маселесин талкуулашты

19-ноябрда Тажикстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушууда Казакбаев Кыргызстандагы саясий окуялардын өнүгүшү боюнча айтып берип, эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кеңири өңүттөрүн талкууга алды.

Тараптар чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги 17-жыйынын 2021-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү пландашты.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын мындан аркы жумуштарын илгерилетүү жөнүндө сүйлөштү. Анын жүрүшүндө министрлер чек арадагы маселелерди сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечиш керек экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2021-2022-жылдардагы кызматташуу жөнүндө программага кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы — 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот.

Exit mobile version