Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушту.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Тажикистандын Исфара шаарында болуп , ага эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун орчундуу темасы эки мамлекетин чек-арага жакын жайгашкан райондордун коопсуздуктарын камсыз кылуу, экстремизм жана терроризмге каршы биргеликте күрөшүү күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөр талкууланды.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек-араларын аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынды.
Талкууланып жаткан маселелер боюнча бардык таптардын өз ара макулдашуулар жана бири-бирин түшүүнүлөр болду.