Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Түркмөнстан маданий кызматташтыгын чыңдайт

Кыргызстан менен Түркмөнстан маданият жана гуманитардык чөйрөдө кызматташууну мындан ары дагы кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Ашхабад шаарында өткөн маданий иш-чараларга катышкан Мамбеталиев салбуурун улуттук аңчылык өнөрүн жана кыргыз ат оюндарын тартуулоо менен маданий диалогго салым кошту.

Сапардын алкагында министр Түркмөнстандын маданият министри Атагелды Шамурадов жана «Туркменатлары» мамлекеттик бирикмесинин жетекчиси Ахмет Бердыев менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар эки өлкөнүн маданият тармагындагы кызматташуусунун учурдагы абалын талкуулап, келечектеги багыттарын белгилешти.

Кыргыз тарап Түркмөнстанды ушул жылдын 15–18-июнунда Ош шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн ART EXPO эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Бул көргөзмө — искусство жана маданият тармагындагы жетишкендиктерди таанытуучу жана гуманитардык байланыштарды чыңдоочу маанилүү аянтча болору айтылды.

 

Exit mobile version