Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Улуу Британия экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Улуу Британиянын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча соода комиссары Кэмерон Полео менен жолугушуу болуп өттү.

Талкууланган долбоорлордун алкагында Чүй облусунда бетон кенеп заводун, Нарын районундагы Көкөмерен дарыясында ГЭС куруу жана маанилүү пайдалуу кендерди пайдалануу боюнча Boston Consulting Group менен кызматташуу тууралуу сөз болду.

2024-жылдын акырына карата Улуу Британия Кыргызстандын продукциясын эң ири импорттоочу болуп калды. Сезондук жумушчулар программасынын алкагында Улуу Британияда 8 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношкон.

Тараптар өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын издөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Exit mobile version