Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Якутия маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөдө

Бүгүн, 10-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы маданият, экономика, айыл чарба жана спорт тармактарындагы кызматташтыгынын келечеги, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан. Ошондой эле элдик дипломатияны чыңдоого жана жалпы тарыхый-маданий мурасты сактоого өзгөчө көңүл бурулган.

Эдил Байсалов боордош элдердин ортосундагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүү экенин билдирген. Ал Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы мамилелер көтөрүлүп, достук жана өз ара сыйлашуу рухунда жаңы мазмунга ээ болуп жатканын баса белгилеген.

Сапардын алкагында Эдил Байсалов ошондой эле РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жетектеген жана Кыргызстанда советтик мамлекеттүүлүктүн калыптанышында негизги ролду ойногон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Якутиянын тургуну Максим Кирович Аммосовдун эстелигине гүл койгон.

Exit mobile version