Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Жапония кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде активдүү саясий диалогду колдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун алкагындагы аймактык өз ара аракеттенүү маселелерин карашкан.

Exit mobile version