Site icon Reporter.kg

Кыргызстан менен Жапония медициналык билим берүү тармагында кызматташат

Бишкекте Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Жапониянын Kitahara Medical Strategies International Co. Ltd. ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар медициналык кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын ыктымалдуу багыттарын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жапон ооруканасын ачуу долбоорун ишке ашыруунун келечегин талкуулашкан.

Ошондой эле келечектеги клиника үчүн адистерди даярдоо маселелерине, анын ичинде такшалтуу программаларына жана биргелешкен билим берүү демилгелерине, өзгөчө көңүл бурулган.

Министрдин орун басары Жапониянын саламаттык сактоо системасынан Кыргызстан баалуу тажрыйба аларын баса белгилеген.

Соңунда тараптар белгиленген багыттар боюнча мындан аркы диалогго даяр экендиктерин билдиришкен.

Exit mobile version