Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Молдованын агрардык тажрыйбасына кызыгууда

2022-жылдын 20-22-июлунда Дүйнөлүк соода уюмунун штаб-квартирасында Кыргызстан Молдова Республикасынын соода саясатын кароого катышты. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Кыргыз тараптан Нурбек Максүтов, Молдова тараптан Вадим Гумене сөз сүйлөштү.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү орто эсеп менен 2 миллион долларды түзөт. Тараптар бул өлкөлөр ортосундагы болгон потенциалга дал келбей турганын белгилешти.

Буга байланыштуу Нурбек Максүтов олуттуу талкуу жана өз ара аракеттенүү үчүн инвестициялык жана бизнес-форумдарды уюштуруу, ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да арттыруу үчүн биргелешип иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

«Атап айтканда, айыл чарба тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар болду», — деп белгилейт Экономика министрлиги.

Мындан тышкары, КР МЭК өкүлү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-молдава өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин кайра баштоого өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.

Ошол эле учурда 30дан ашык өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтер Молдова менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин укуктук негизин түзөт.

Негизги экономикалык макулдашуулар: 1996-жылдын 21-ноябрында күчүнө кирген Эркин соода келишими;

2004-жылдын 16-январында күчүнө кирген инвестицияларды тартуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

2006-жылдын 16-январында күчүнө кирген Кирешелерге жана мүлккө кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу.

Exit mobile version