Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Мьянманы 7:0 эсебинде жеңди


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасын 7:0 эсеби менен утту.

Кыргыз футболчулары оюндун биринчи таймында 5 гол, экинчи таймда 2 гол киргизди.

Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталды.

Мелдеште кыргызстандык футболчулар машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинде ойношту.

Белгилей кетсек, тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калган.

17-июлда  Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн

Exit mobile version