Кыргызстан кайсы азыктар менен ички рынокту толук камсыздай алат?

Кыргызстан кайсы азыктар менен ички рынокту толук камсыздай алат?

Бүгүнкү күндө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картөшкө жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда өкмөт үйүндө өткөн брифингде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Чодуев калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздала турганын айтты.

«Республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо импорттун эсебинен нан азыктары – 101,5%ды, картошка – 105,8%ды, сүт – 133,2%ды, эт – 61,6%ды, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү – 92,9%ды, мөмө-жемиш – 27,1%ды, үй канаттулар жумурткасы – 78,8%ды, кумшекер – 86,8 % түзөт», — деп маалымдады министр.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>