Site icon Reporter.kg

Өлкө карызын төлөөгө 30,6 млрд сом жумшалды

Быйыл январь-ноябрь айларында Кыргызстан мамлекеттик ички жана тышка карызды төлөөгө 30 млрд 640,8 млн сом жумшады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ички карыз үчүн 10 млрд 6,7 млн сом, ал эми тышкы карызды төлөөгө 20 млрд 634,1 млн сом сарпталган.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнү Кыргызстандын мамлекеттик карызы 434 млрд 437,12 млн сомду (5,2 млрд доллар) түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version