Site icon Reporter.kg

Кыргызстан-Оман. Курама команда күйөрмандарга ыраазычылык билдирди

«Оман менен беттеш абдан оор болду», — деп билдирди  футбол курама командасынын машыктыруучусу Штефан Таркович маалымат жыйында.

Ал команданын коргоочуларынын аракетин белгиледи.

«Малайзия курамасы менен болгон беттештеги женилүүнү эске алсак, бүгүнкү оюн абдан оор болду. Оман курамасы тайпадагы башкы атаандашыбыз. Андыктан, оюнчулар менен абдан сыймыктанып жатам, алар жеңишке татыктуу», — деди ал.

Омандын дарбазасына гол киргизген Одилжан Абдурахманов күйөрмандарга ыраазычылык билдирип, алардын колдоосу дем бергенин айтты.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн беттеште кыргызстандыктар Оман курама командасын 1:0 эсебинде жеңди.

Кыргыз курамасы D тайпасындагы турнирдик таблицада алгачкы 3 упайга ээ болуп, бул көрсөткүч боюнча Оманды кууп жетти.

Эске салсак, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасында Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбей менен D тайпасына жайгашкан. Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлгөндүктөн, өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version