Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Ооганстанга 111 тонна гуманитардык жардам жеткирди

Кыргызстан Ооган өлкөсүнүн Герат провинциясындагы зилзаладан жабыркап, үй-жайсыз калган адамдарына жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМдин 11 унаасынан турган 111 тонналык жардамды 2023-жылдын 29-ноябрында Ош шаарынан узатылган.

«Куткаруучулар коштогон 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, жууркан-төшөк жана Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан 1 миллион сомго кийим-кече жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү каражаттар топтому Өзбекстан аркылуу өтүп, жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.

Дээрлик, 2700 чакырым жол жүргөн “жардам кербенин” 5-декабрда Герат шаарына жакын жайгашкан Фаизабад кыштагынын жашоочуларына тамак-аш, кийим-кечелерин жана таркатып, медициналык жардамдарын көрсөтүштү. Жардамдын калганын жергиликтүү бийликке өткөрүшкөн.

Өз миссиясын ийгиликтүү аткарып, мекенине кайткан куткаруучулардын коопсуздугун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлдөп турду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version