Кыргызстан Орусиядан газдын баасын кайра карап чыгууну өтүндү

Кыргызстан Орусиядан газдын баасын кайра карап чыгууну өтүндү

Кыргыз өкмөтү Орусиядан жаратылыш газынын баасы маселесин кайра карап чыгууну өтүнөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Орусия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн-жолугушуу учурунда айтылган.

«Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү,  улуттук валютанын баасынын төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы маселесин кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул суроону бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оңдуу жооп алабыз деп ишенебиз”, — деген вице-премьер-министр. 

Өз кезегинде Орусия тарап Кыргызстандын сунушун карап чыгууга убада берген.

Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Орусиянын Кыргызстандагы бажы органдарына техникалык жардам көрсөтүүсү, товарларды маркировкалоонун жүрүшү жана салык чогултуу боюнча маселер каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>