Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жаңы авиакаттамдарын ачуу демилгеленүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Демилге министрликтин соода өкүлчүлүгү менен Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы жана Өзбекстандын алдыңкы туроператорлорунун жолугушуусунда айтылган.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы жаңы авиакаттамдарды ишке киргизүү боюнча пландарды талкуулашкан. Ал эми туроператорлор бул демилгеге кызыгууларын билдиришкен.