Site icon Reporter.kg

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Азия кубогун өткөрүүнү көздөөдө

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2031-жылдагы футбол боюнча Азия кубогун биргелешип өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен (КФБ) билдиришти.

Аталган үч өлкөнүн футбол уюмдары 24-февралда тиешелүү арыз менен Азия футбол конфедерациясына (АФК) кайрылган. Азырынча АФКга баштапкы билдирме жөнөтүлгөн. Ал эми мелдештер өтө турган стадиондор тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

КФБ белгилегендей, өлкөдө курулуп жаткан футболдук объекттер мындай ири континенталдык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет. АФКнын талабы боюнча, Азия кубогунун бет ачар жана финалдык беттеши өтө турган стадионго 50 миңден кем эмес көрүүчү батыш керек. Борбор калаада курулуп жаткан «Бишкек-Арена» 51 миң кишиге ылайыкталып салынууда.

КФБнын президенти Камчыбек Ташиев билдиргендей, Борбор Азиянын башка мамлекеттери менен бирге Азия чөлкөмүндөгү эң башкы футболдук мелдешти өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң сыймык болуп саналат

«Бул коңшулаш мамлекеттер менен болгон достукту бекемдеп, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын көтөрөт», — дейт ал.

Азия кубогун өткөрүү үчүн арыздарды берүү жол-жобосу бир нече баскычтан туруп, белгилүү бир убакытты талап кылат. Учурда 2031-жылдагы Азия кубогун өткөрүү ниетин Кувейт, Индонезия жана Бириккен Араб Эмираттары билдирген. АФК мелдеш өтө турган өлкөнү (өлкөлөрдү) 2026-жылы аныктайт.

Exit mobile version