Site icon Reporter.kg

Кыргызстан Өзбекстандан 392 тонна лимон сатып алган

Быйыл 10 айда Кыргызстан Өзбекстандан 392 тонна лимон сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, январь-октябрь айларында Өзбекстан сыртка 3,6 млн долларга 3,3 миң тонна лимон саткан. Ал былтыркыга караганда 362 тоннага аз.

Өзбекстандан лимонду көп сатып алган өлкөлөр:

— Россия – 2,2 миң тонна,

— Казакстан – 759 тонна,

— Кыргызстан – 392 тонна.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version