Site icon Reporter.kg

Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн туризм боюнча биринчи орунда турат

2023-жылдын январь-май айларында Өзбекстандын 1.6 млн жараны туристтик максатта чет өлкөлөргө чыккан. Бул тууралуу республиканын Статистика комитети билдирди.

Такталгандай, көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстанга 650.7 миң өзбекстандыктар келген.

Ошондой эле эң популярдуу багыттар Тажикстан (422 миң адам) жана Казакстан (255.7 миң адам) болуп эсептелет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version