Site icon Reporter.kg

«Кыргызстан» партиясы 2500ден ашык муктаж үй-бүлөгө жардам берди

19-20-май күндөрү «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев партиянын атынан Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы 2500ден ашык жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, мугалимдерге, медиктерге гуманитардык жардам берди.

Бул тууралуу партиянын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабаралды.

Белгилей кетсек «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрү COVID-19 вирусу Кыргызстанда катталган күндөн тартып, өлкөнүн жети облусуна гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз берип келет.
Exit mobile version