“Кыргызстан” партиясы бийликчил эмес экендигин көрсөттүбү?

“Кыргызстан” партиясы бийликчил эмес экендигин көрсөттүбү?

Эсенбек Марат уулу ______ атайын Reporter.kg үчүн

“Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтеринин артка кайтарылышы аталган партиянын бийликчил эмес экендигин көрсөтүп койду.

Коомчулукта буга чейин “Кыргызстан” бийликтин жандооч партиясы жана “эрке баласы” делген жоромолдор айтылып келген.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун 9 мүчөсүнүн 8и “Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү башка адамдан берип жиберди деген негизде, партиянын документтерин артка кайтарууга добуш беришти.

Бул көрүнүш партияны бийликке жабыштырган ар кандай айың кептерге чекит коюп, “Кыргызстан” саясий партиясынын центиристтик партия экенин коомчулукка далилдеп олтурат.

БШКнын жыйында “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абелдиева ден соолугуна байланыштуу документтерди өзү алып барып бара албагандыгын түшүндүрдү.

Жыйында партия мүчөсү Талант Мамытов дагы пандемиянын күчү кайта элек маалда БШК ооруп жаткан адамдын абалын эске албай чечим чыгарганын кескин сынга алды.

Эми “Кыргызстан” партиясы БШКнын чыгарган чечимине каршы сотко кайрылып, өз шайлоочуларынын тандоосу үчүн күрөшө алат.

Муну партия лидери Канатбек Исаев дагы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тастыктады.

“Биздин партиянын маселеси техникалык ката. Шайлоонун проссесине таасир этпей турган жагдай. Эми документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырбай койду деп жатат. Бирок, ал келип ишеним каттын негизинде документтер тапшырылды деп айтып, тастыктап жатат. Ошондуктан биз БШКнын чечими менен макул эмеспиз. Чечимди колубузга аларыбыз менен сотко кайрылабыз”, –  деди Исаев.

“Кыргызстан” партиясынын бийликчил эмес экендигин далилдеген дагы бир жагдай, талапкерлердин тизмесинин чоӊ тандоо, чоӊ талкуу менен түзүлгөндүгү.

Дагы бир жагдай, эгер “Кыргызстан” партиясы бийликтин “эрке баласы” болсо, анда каттоого байланыштуу майда-барат маселе 25-августка караган түнү эле чечилмек да.

“Кыргызстан” партиясынын айланасындагы талаштуу жагдайларга “Ар-Намыс” саясий партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов дагы өз пикирин билдирип, БШКнын чечимин сынга алды.

“БШКнын чечими мыйзамга негизделиши керек болчу. Мыйзамда каттоодон баш тартуунун жети конкреттүү себептери так көрсөтүлгөн. Алардын арасында “ыйгарым укуктуу өкүлдүн”  документтерин тапшырышына байланыштуу эч нерсе жок. Ооба, шайлоо жөнүндө Мыйзамдын 61-беренесинде документтер БШКга ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан берилиши керек деп айтылат, бирок эгерде бул ишти башка адам жасаган болсо, анда мыйзам бул жагдай каттоодон баш тартууга негиз болуп саналбайт. Демек, БШКнын каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек”,- дейт Кулов.

Буга чейинки бардык шайлоолордо техникалык мүчүлүштүктөрдүн болуп келгендиги кадыресе көрүнүш. Бирок ошону жүйө келтирип артында жүз миңдеген колдоочусу бар партияны шайлоодон четтетүү бул өлкөнүн баш мыйзамы болгон Конституциябызга каршы келбейби деген суроо жоопсуз турат.

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>