“Кыргызстан” партиясы биринчилерден болуп 5 млн сом шайлоо күрөөсүн тапшырды

“Кыргызстан” партиясы биринчилерден болуп 5 млн сом шайлоо күрөөсүн тапшырды

«Кыргызстан» саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн биринчилерден болуп Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 5 млн. сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, партия шайлоого карата сарпталуучу үгүт иштерине жана чыгымдарга деп шайлоо фондуна 22 млн. сом өлчөмүндө акча которгон.

12-августка карата «Кыргызстан» саясий партиясынын банктагы атайын эсебине  которгон акча каражатынын жалпы суммасы 27 млн. сомду түздү

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-августка карата 12 партия шайлоо фондуна акча которгону тууралуу маалымат тараткан. Анда «Бир Болдун» эсебине 9 млн. 676 миң сом, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебине  3 млн. 35 миң сом, «Ата Мекен» партиясынын эсебине 2 млн. сомго жакын акча түшкөндүгү айтылат. Эң аз акча каражатын  «Кыргызстандын жашылдар партиясы» – 200 сом которгон.

БШК партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия документтерин БШКга жөнөткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>