“Кыргызстан” партиясы Даир Токобаевдин жакындарына көңүл айтат

“Кыргызстан” партиясы Даир Токобаевдин жакындарына көңүл айтат

“Манас” эл аралык аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаевдин каза болгондугуна байланыштуу “Кыргызстан” партиясы маркумдун туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Партиянын көңүл айтуу катында Даир Токобаевдин ачык, жигердүү жана кыргыздын чыныгы уулу болгондугу айтылат.

“Даир өзүнүн аз жана саз жашаган өмүрүндө досторунун, кесиптештеринин жана жалпы эле аны тааныгандардын урмат сыйына ээ боло алды. Ал жаш кезинен баштап көптөгөн адамдарды жашоого шыктандырган, мыкты идеялардын ээси болчу. Даир кыргыз элинин чыныгы мекенчил уулу, татыктуу жана жоопкерчиликтүү жараны эле”, ­– деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.

Белгилей кесек, Даир Токобаев 7-июль күнү 34 жаш курагында  пневмониядан каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>