Site icon Reporter.kg

«Кыргызстан» партиясы «жашыл экономика» үчүн!


«Кыргызстан» саясий партиясы өлкөдө «жашыл экономиканы» өнүктүрүүнү, заманбап, жогорку технологиялуу жана экологиялык таза ресурстарды колдонууну жактайт.

«Жашыл экономика» – бул адамдардын жыргалчылыгынын өсүшүнө жана социалдык адилеттүүлүктүн бекемделишине, экологиялык тобокелдиктердин азайышына, табигый капиталды сактоого жана көбөйтүүгө, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого түрткү берген тармак.

Партия белгилегендей, Кыргызстанда «жашыл экономиканы» өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп энергетика, айыл-чарба, өнөр-жай, экотуризм саналат.

Жаратылыш ресурстарын интенсивдүү, тутумдаштырылбаган, сарамжалсыз пайдалануу кыска мөөнөттө экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот, бирок узак мөөнөттүү келечекте бул олуттуу терс натыйжаларга алып келет. Мисалы: жакырчылыкка, булганган абанын жана сапатсыз ичүүчү суунун кесепетинен калктын саламаттыгынын начарлашына, азык-түлүктүн жана энергиянын жетишсиздигине таасир тийгизет.

Азыртан эле Кыргызстанда кооптуу тенденциялар байкалууда. Деградацияланган же жок болуу процесстерине дуушар болгон айыл-чарба жерлеринин аянты өсүүдө. Кыргызстанда жерлердин деградациясынын көпчүлүгү айыл-чарба багытындагы жерлерди туура эмес пайдалануунун, жайыттарды ашыкча пайдалануунун жана сугат жана суу чарба тутумдарынын начар иштешинен пайда болот. Жалпысынан алганда, ушул факторлор калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.

Мындан тышкары, абанын булгануусу адамдардын ден соолугуна жана экосистеманын туруктуулугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле техникалык инфраструктура элементтеринин дат басышын күчөтөт. Абанын булгануу көйгөйү өлкөнүн ири шаарларында өзгөчө курч турат.

Эксперттердин эсеби боюнча, негизги булгоочу заттардын 87%дан ашыгы абага жыл сайын көбөйүп жаткан автоунаалардан кирет. Бул саламаттыкты сактоого чыгымдардын көбөйүшүнө, экосистемалардын жоголушуна жана инфраструктураны кармоого кошумча экономикалык чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет. «Кыргызстан» партиясы белгилегендей, ушул факторлордун бардыгы өлкөдөгү “жашыл экономикага” өтүү зарылдыгын жана актуалдуулугун көрсөтүп турат.

Өлкөдө «жашыл экономиканы» өнүктүрүү үчүн энергияны натыйжалуу колдонуу жана үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактардан өндүрүү, шаардык жана айылдык аймактарда суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптация болууга, экосистеманы көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча экосистемалык мамиле кылуу тарапка мамлекеттик саясатты өзгөртүү керек.  Акыр-аягы, бардык өзгөртүүлөр адамдын жашоосунун сапатына жана айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизиши керек.

Өлкөдө “жашыл экономиканы” өнүктүрүү үчүн “Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

«Жашыл экономика» — бул экономикалык көз карандысыздыктын негизи!

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 16-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Exit mobile version