“Кыргызстан” партиясынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

“Кыргызстан” партиясынын Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн, 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Тагыраак айтканда мындан 31 жыл мурун, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болгон. Ушул күндөн тарта биз “улуттун майрамы” катары аздектеп келе жатабыз. 

Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү болот. Алардын эң башкысы бул –тили.  Тилин жоготкон элдин келечеги болбойт. Карт тарыхта жүздөгөн элдер тилин жоготуп, башка элге сиңип кеткенин жакшы билебиз. Ошондуктан тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир Кыргыз атуулунун ыйык милдети!

Мамлекеттик тил – элдин ынтымагын бекемдөөгө, улуттар аралык мамилелерди чыңдоого, өлкөнүн туруктуулугун сактоого жана өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү милдетти аткарып келет. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубузда колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт. “Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом” деген ар бир атуулубуз мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Себеби мамлекеттик тилдин кадыр-баркын өстүрүү – негизги милдетибиз.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү “Кыргызстан” саясий партиясынын “Эл үчүн” программасында камтылган. Биз тилибизди өнүктүрүүнүн анык механизмин, чыныгы жол картасын иштеп чыгабыз.

Дагы бир жолу Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

 

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020).

23.09.2020

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>