«Кыргызстан» саясий партиясынын съезди өтүп, талапкерлер тандалды

«Кыргызстан» саясий партиясынын съезди өтүп, талапкерлер тандалды

Кечээ, 19-августта Бишкектеги “Аю Гранд Комфорт” соода борборунда «Кыргызстан» саясий партиясы  кезексиз VII съездин өткөрдү. Бул тууралуу саясий бирикменин штабынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, съездге парламент депутаттары, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, аймактардан келген делегаттар, жана жаштар канатынын активисттери катышты.

Курултайда «Кыргызстандын» буга чейинки саясат айдыңында аткарган иштери айтылып, жаңы “Эл үчүн” аттуу программасы сунушталды.   

“Кыргызстан” партиясы “Эл үчүн” деген программаны сунуш кылат. Ал программада турмуштун эң маанилүү тармактары камтылган”, – деди Исаев.

Ошондой эле съездде “Кыргызстан” партиясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракеси жана парламенттик шайлоодогу жеңишинин 5 жылдыгы белгиленип, партиянын жана фракциянын ишин алдыга жылдырууга салым кошкондор сыйланды.

Курултайдын жүрүшүндө делегаттар жана саясий кеңештин мүчөлөрү тарабынан партиянын шайлоо алдындагы программасын кабыл алышты. Ал эми  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жашыруун добуш аркылуу аныкталды.

Анын жыйынтыгы менен “Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канатбек Исаев талапкерлерди шайлоого өзү баштап бармай болду.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.

[su_image_carousel source=»media: 38655,38656,38657,38658,38659,38660,38661″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>