Site icon Reporter.kg

“Кыргызстан” шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбоо талабы менен сотко кайрылдыбы?

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “Кыргызстан” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы сотко кайрылгандыгын жазып чыгышты.  Анда БШКнын 4-октябрдагы парламенттик шайлоонунун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин туура эмес деп таап берүү талабы сотко кайрылганы айтылат. 

Бирок Жогорку Сотко бул маалыматты тактоо үчүн кайрылганыбызда “Кыргызстан” партиясы аталгандай арыз  кайрылбагандыгын билдиришти. 

Ошондой эле саясий уюмдун штабынан да БШКнын үстүнөн сотко арыз менен кайрылышпагандыгын кабарлашты. 

Exit mobile version