Site icon Reporter.kg

Кыргызстан сууну сатып башташы керектиги айтылды

Кыргызстанды суу саясатын өзгөртүп, андан экономикалык пайда көрүүгө өтүүсү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында  Илимдер Академиясынын Суу проблемасы жана гидроэнергетика институнун директору Догдурбек Чонтоев билдирди.

«Токтогул суу сактагычы — Борбордук Азиядагы ири суу сактагыч дейбиз дагы анын абалын ойлобойбуз. Аны Энергетика министрлиги карап, ал электр жарыгын өндүрүүнү гана ойлойт», — дейт окмуштуу.

Институттун директору калктын саны өсүп бара жаткандыктан, аймакта бул жаатта көп маселелер пайда болорун белгиледи. Анын маалыматынла, 51 миллиард куб суунун 12 миллиардын гана Кыргызстан өзү колдонуп, калган 24 миллиард Өзбекстанга, 7 миллиард Кытайга, 2 миллиард Тажикстанга, 6 миллиард куб Казакстанга агып чыгып кетет.

«Кыргызстанга бир тамчы дагы суу агып кирбейт. Суу жетишпейт дейбиз, бирок ал азайган жок, кайра дарыялардын көлөмү көбөйүп жатат. Болгону суулар өлкөдөн агып чыгып кетип жатат. Совет мезгилинде түзүлгөн келишимдер кайра каралып чыгып, бардык гидроресурстар бир мекемеге берилиши керек. Суу маселеси Коопсуздук Кеңешинин жакынкы жыйынында каралат экен. Анда чечим кабыл алынса керек», — дейт ал.

Exit mobile version