Кыргызстан, Түркия жана БАЭнын авиа каттамдарынын тизмеси жарыяланды

Кыргызстан, Түркия жана БАЭнын авиа каттамдарынын тизмеси жарыяланды

Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмиратынын авиациялык бийликтеринин ортосундагы жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын 10-августунан тартып эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

— «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу.

— «Туреция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу.

— «Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 4 жолу. Анталья — Бишкек – Анталья багыты боюнча жумасына 1 жолу.

— «Флай Дубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 3 жолу.

— «Эйр Арабия» авиакомпаниясы Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча жумасына 1 жолу.

Азыркы күндө, Орусиядан Кыргызстанга авиакаттамдар жүргүзүлүүдө, атап айтканда: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларынан.
Ал эми, каттамдарды дайыма ишке ашыруу тууралуу Кыргызстан жана Орусиянын ортосунда тийиштүү иштер алып барылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>